Караколдо мыйзамсыз балык уулоо жана курал-жарак сактоо фактылары аныкталды
3 июнь

Караколдо мыйзамсыз балык уулоо жана курал-жарак сактоо фактылары аныкталды

2025-жылдын 31-майында Каракол шаардык ички иштербөлүмүнө шаар аймагында «Вася» аттуу жаран мыйзамсыз балык уулоо жана аңчылык менен алектенип жүргөндүгү тууралууыкчам маалымат түшкөн.

Маалыматтын негизинде Каракол ШИИБдин кызматкерлеритарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, мыйзамсыз балык уулоо жана сатуу менен алектенген, ошондой эле курал-жарак жана ок-дарылардымыйзамсыз сактап жүргөн 4 жаран аныкталган.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси (“Балыкты же болбосо суужаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүп, аталган жарандардын турак жайларында кечиктирилгис мыйзамдуутинтүүлөр жргүзүлгөн.

Анда, Пристань-Пржевальск айылынын тургуну С. В., 1961-жылы туулган, үйүнөн 12 даана синтетикалык браконьердик тор, 10даана балык уулоочу жабдуу жана «чебак» түрүндөгү 4 балык табылган.

Ошол эле айылдын дагы бир тургуну — А. Р., 1975-жылы туулган — үйүнөн 77 даана кургатылган «карась» балыгы, 3 даана балык уулоочу жабдуу жана“Шиширин” үлгүсүндөгү кайык алынган.

Каракол шаарынын тургуну Т. К., 1974-жылы туулган, үйүндө ар түрдүү калибрдеги 10 ок атуучу курал, 730 ок-дарылар, 7 балык уулоочу жабдуу, 4 даана оптикалыкприцел жана 5 даана мергенчилик бычак табылган.

Мындан тышкары, тергөө иштеринин жүрүшүндө Каракол шаарындагы “Ак-Тилек плюс” базарында жайгашкан аңчылык дүкөнүнөн тинтүү жүргүзүлүп, анда балык уулоочу арбалет, 11 тапанча, 77 ок-дарылар жана ок атуучу куралдаралынган.

1958-жылы туулган А. Т. аттуу жарандын Пристань-Пржевальск айылындагы үйүндө мыйзамсыз буюмдар табылган эмес.