Ысык-Көлдө экологиялык рейд: эки күндүн жыйынтыгында 166 миң сомдон ашык айып пул салынды
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 «Ысык-Көл көлүнүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Ысык-Көл районунун аймагында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бир катар бузуу фактылары аныкталды.
Атап айтканда, Корумду айылындагы пансионаттардын биринде агынды сууларды түздөн-түз жер кыртышына агызуу, ошондой эле калдыктарды уруксатсыз жайгаштыруу фактылары аныкталды.
Ал эми Чолпон-Ата шаарындагы объектилердин биринде агынды суулар экологиялык талаптарды бузуу менен септикке төгүлүп жаткандыгы белгилүү болду. Мындан тышкары, айрым объектилерде таштандыларды башаламан жана уруксатсыз жайгаштыруу фактылары катталды.
Аныкталган бардык мыйзам бузуулар боюнча жеринде тиешелүү чаралар көрүлүп, жалпы суммасы 166 миң сомдон ашык айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы экологиялык мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлөрүн эскертет.
