Кыргызстанда 19-апрелде масштабдуу экологиялык акция өтөт
18 апрель

Кыргызстанда 19-апрелде масштабдуу экологиялык акция өтөт

ыргызстанда үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде масштабдуу экологиялык акция — Улуттук тазалык күнү өтөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлайт. 

Акциянын негизги максаты – таштандыларды өз-өзүнчө чогултуу маданиятын коомго жайылтуу жана жарандардын экологиялык билимин жогорулатуу болуп саналат.

"Көчөңүздөрдү, айылыңыздарды, район, облус жана жалпы мамлекетибиздин тазалыгы жалпыбыздан көз каранды, бардыгыңыздарды акцияга катышууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.