Кыргыз Республикасында 12 жыл ичинде табигый кырсыктардын жыштыгы 1,5 эсеге өстү
29-ноябрда, 2024-жылы, Ысык-Көл облусунда өткөн улуттук суу форумунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Машиев "Климаттын өзгөрүү шарттарында Ысык-Көлдүн экологиялык абалы"деген темада баяндама жасады.
Министр өз сөзүндө Ысык-Көл жана анын экосистемасы климаттык өзгөрүүлөрдүн алдында Кыргызстанда эң аялуу болуп саналаарын баса белгиледи.
Негизги көйгөйлөр:
- Акыркы 12 жылда кургакчылык, жер көчкү, сел жана суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктардын жыштыгы жана масштабы 1,5 эсеге өстү.
- 2024-жылдын биринчи жарымында 300дөн ашык жер көчкү катталды, бул инфраструктуранын бузулушуна, адамдардын өлүмүнө жана аялуу аймактардын миңдеген тургундарынын көчүрүлүшүнө алып келди.
- Ысык-Көл үчүн суунун негизги булагы болгон мөңгүлөр тездик менен азайып баратат. Акыркы 70 жылда алардын аянты 16% га кыскарган жана климаттын өзгөрүүсүнүн учурдагы темптери сакталып калса, 2100-жылга карата Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жарымынан көбү жок болуп кетиши мүмкүн.
