Ак-Таш жайлоосунда рейд: 10 мыйзам бузуу аныкталып, 55 миң сом айып салынды
17 август

Ак-Таш жайлоосунда рейд: 10 мыйзам бузуу аныкталып, 55 миң сом айып салынды

2026-жылдын 15-августунда Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейддик иш-чара өткөрүштү.

Рейддин жүрүшүндө айрым жарандардын автоунаалары менен жайыт жерлерин тепсеп, өсүмдүктөргө жана жаратылышка зыян келтирген фактылары аныкталды.

Аталган мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин талаптарына ылайык, жарандарга карата 10 административдик протокол түзүлдү.

Жыйынтыгында мыйзам талаптарын бузган жарандарга жалпы 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга жана жайыттарды максатсыз пайдаланбоого чакырат.