Кыргызстанда мөңгүлөр эрүүдө: беш жылда беш мөңгү 73 гектарга кыскарган
Кыргызстанда мөңгүлөрдү сактоо боюнча мыйзамды катаалдаштыруу сунушталууда. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясынын жыйынында белгилүү болду.
Мыйзамды күчөтүүнү сунуштаган тараптын айтымында, Кыргызстанда пайдалуу кендердин 90 пайызы мөңгүлөргө жакын жайгашкан. Мындан улам аларды чалгындоо, казуу иштери мөңгүлөрдүн сакталышына терс таасирин берүүдө. Мөңгүлөрдү изилдөө Кыргызстанда жокко эсе. Анын айынан, ошол аймактардагы жергиликтүү калктын жайыттары, ичкен суулары булганып, бирок бул боюнча чырылдаган үндөрү тийиштүү жерге жетпей калууда.
«Кендерди казуу экосистемага чоң зыянын тийгизет. Ички суулар, булактар булганып жатканын көрүп жатабыз. Калдыктар мөңгүлөрдүн арасындагы биоартүрдүүлүктү жок кылып, экосистема бузулууда. Түштүк тарапта мөңгүлөрдү изилдөө жокко эсе, тийиштүү тараптар көмүр ж.б. кендерди казып жатышат. Мыйзам чегинде мөңгүлөрдү коргоону күчөтүү керек. Аларды талкалоого жол бербейли», – деди мыйзам долбоорун сунуштоону демилгелеген тараптын өкүлү.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов өлкөдө мөңгүлөрдү изилдөө жокко эсе деген аргументке кошулбай турганын белгиледи. Айтымында, мөңгүлөрдү изилдөө СССР убагында өзүнчө чоң кызмат болуп, ар биринде 70ке жакын кызматкер эмгектенген. Бирок эгемендүүлүк алгандан кийин андагы бийликтин чечими аркылуу бул иш токтотулган, анткени абдан чоң чыгым талап кылат. 2019-жылы ӨКМнын чечими менен геология бөлүмү ачылып, анда бүгүнкү күнгө чейин төрт гана кызматкер эмгектенип келатат. Алар өз алдынча эки мөңгүнү изилдешүүдө: Чоң-Алай районундагы Абрамов жана Ак-Суу районундагы Тургень-Аксу мөңгүсү. Андан сырткары Улуттук илимдер академиясы тарабынан дагы беш мөңгү изилдөөгө алынган. Акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, 5 жылда 5 мөңгү аянты 73 гектарга, калыңдыгы 80 сантиметрге азайганы белгилүү болгон.
Министрдин орун басары белгилегендей, Кыргызстанда жалпы 10 миң мөңгү бар жана алардын баарына изилдөө жүргүзүү физикалык жактан мүмкүн эмес.
Депутаттар мөңгү маселеси олуттуу жана мыйзамды катаалдаштыруу мезгил талабы экенин белгилешти.
