Алай районунда экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды
2025-жылдын 29-октябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экологиялык жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан Алай районунун Гүлчө жана Курманжан-Датка айыл аймактарында жүргүзүлгөн көзөмөл иш-чараларынын жыйынтыгында бир катар экологиялык мыйзам бузуулар аныкталды.
Тактап айтканда, Курманжан-Датка айыл аймагынын Жар-Коргон участкасында белгиленбеген жерлерде, жол боюнда ар кандай таштандылардын ыргытылгандыгы аныкталып, айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-пунктуна ылайык 23 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ал эми Гүлчө айыл аймагындагы коммуналдык чарба муниципалдык ишканасынын таштанды таштоочу жайында таштандылардын чар жайыт ташталып, өрттөнүп жатканы аныкталып, КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-пунктуна ылайык дагы 23 000 сом айып салынды.
Айыл өкмөттөрдүн башчылары аныкталган кемчиликтерди 15 күндүк мөөнөттө жоюу боюнча иштер жүргүзүлөрүн билдиришти. Ошондой эле экологиялык коопсуздук эрежелеринин сакталуусун камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.
Маалымат үчүн:
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарды так сактоого чакырат.
