Мэр Жеңишбек Токторбаев Бишкектеги таштандыларды утилдештирүү заводу менен таанышууда
Бүгүн, 31-октябрда, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Бишкек шаарындагы иш сапарынын алкагында Бишкектеги катуу таштандыларды кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводго барды.
Мында заводдун курулуш иштеринин аяктоо жараяны, ишке берилген соң кубаттуулугу жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып чыкты. Ошондой эле Ош шаарында курулуп жаткан таштандыларды утилдештирүү заводун курууда бул заводдун тажрыйбалары маанилүү экендиги айтылды.
Эскерте кетсек, Ош шаарында дагы таштандыларды утилдештирүү боюнча заводдун курулушу башталган. Бул долбоорго ылайык, таштандыларды күнүнө 850 тоннага чейин кайра иштетүү кубаттуулугуна ээ болуп, саатына 30 мегаватт электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө.
