Тармактык комитет «Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу» долбоорун ишке ашырууга багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бүгүн, 19-марттагы жыйында «2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу (узундугу 3,2 км жол участогу менен 2 эстакада көпүрөсүн куруу)» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун карап, үчүнчү окууда колдоду.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Улукбек Жанибеков белгилегендей, долбоор жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, транспорттук кыймылды жакшыртууга жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Анын алкагында эки эстакадалык көпүрө, А.Масалиев жана В.Ленин көчөлөрүнүн үстүнөн өтүүчү жол өткөөлүн, Ак-Буура дарыясы аркылуу көпүрөнү куруу, ошондой эле көчөлөрдү бөлүүчү тилке менен 4-6 тилкеге чейин кеңейтүү каралган.
Долбоордун жалпы суммасы 19,31 млн АКШ долларын түзөт, анын ичинен кредит 14,15 млн АКШ доллары, 1,24 млн АКШ доллары 15 жылдык мөөнөткө берилет. Жеңилдетилген мөөнөт – 5 жыл, пайыздык чен - 1,2%.
Талкуу маалында депутаттар мыйзам долбоорун колдоп, автотранспорт каражаттарынын саны көбөйгөндүктөн, Ош шаарынын учурдагы жол инфраструктурасы ашыкча жүктү көтөрө албай жатканын билдиришти. Буга байланыштуу жол тармагын модернизациялоонун жана кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Ошондой эле комитет мүчөлөрү жол инфраструктурасын шаарларда гана эмес, өлкөнүн башка аймактарында, алыскы жана чек арага жакын калктуу пункттарда да комплекстүү түрдө өнүктүрүү зарылдыгын айтышты. Жолдордун сапатын жакшыртуу экономиканын өнүгүшүнө, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана калктын жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө түзөрү кошумчаланды.
