“Жалал-Абад" санаторийинде минералдык суу аралашкан бассейн ачылды
22 май

“Жалал-Абад" санаторийинде минералдык суу аралашкан бассейн ачылды

“Жалал-Абад" санаторийинде минералдык суу аралашкан, дарылык касиетке ээ бассейн ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, президенттин Иш башкармасына караштуу “Санаториялык-курорттук, ден соолукту чыңдоочу жана туристтик объектердин ишин башкаруу боюнча дирекция” мекемесинин орун басары Венера Батырбекова, шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышты.

Белгилей кетсек, “Жалал-Абад" санаторийи жылдан-жылга өзүнүн дарылоочу, эс алуу корпустарын жаңылап, инфраструктуралык шарттарын жакшыртууда.

Санаторияда 2024-жылы 13 миңден ашуун ички жана чет өлкөлүк турист эс алган.