Экологиялык бузуунун негизинде “Кут” курулуш компаниясына айып пул салынды
3 сентябрь

Экологиялык бузуунун негизинде “Кут” курулуш компаниясына айып пул салынды

2025-жылдын сентябрь айында интернет булактарында жарыяланган видеоматериалдын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын инспекторлору Бишкек шаардык Муниципалдык инспекция менен биргеликте ыкчам текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Биринчи Май районуна караштуу Васильев жана Доолот көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Кут” курулуш компаниясы тарабынан саркынды сууларды арыкка жана жер кыртышына агызуу фактысы аныкталды.

Бул аракет Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 236-беренесине ылайык экологиялык мыйзам бузуу боюнча айып пул салынды.

Натыйжада мыйзам бузуу фактысы боюнча протокол түзүлүп, “Кут” курулуш компаниясына 28 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле, укук бузуучуга экологиялык талаптарга туура келбеген аракеттерди токтоосуз түрдө жоюу боюнча тапшырма берилди.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы калктын жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында мындай мыйзам бузууларга карата көзөмөлдү улантат жана коомчулукту мындай көрүнүштөр боюнча маалымдоого чакырат.