Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүү иш-чарасы жүргүзүлүүдө
25 июнь

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүү иш-чарасы жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун №131-сандуу жарлыгын аткаруу алкагында, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу максатында Ысык-Көл районунун Корумду айылында түшүндүрүү жана рейддик иштер жүргүзүлдү.

Иш-чара учурунда, балык уулоого колдонулуучу мыйзамсыз каражаттарды аныктоо максатында Корумду айылынын тургундары менен жолугушуулар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Бул иштердин жүрүшүндө, Корумду айлынын тургуну 1982-жылы туулган М.С. аттуу жаранга таандык короодон болжол менен 750 метр узундуктагы Кытайда синтетикалык балык уулагыч тор табылып, тиешелүү тартипте кароо жүргүзүлүп, далил зат катары алынды.

Аталган билдирүү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн МЭЖне катталып,тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.