Депутат Сагынаев котловандан чыккан кумду көл жээгине төгүү боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады
Ысык-Көл районунда котловандан чыккан кумдар көл жээгине төгүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Болот Сагынаев билдирди.
Ал президенттин жана МинКабдын Жогорку Кеңештеги өкүлү Бектур Зулпиевге кайрылды.
“Социалдык тармактардан көрүп жатабыз, Ысык-Көл районунда котловандан чыккан кумдар көлдүн жээгине төгүлүп жатат. Мындай кылууга кайсы мекеме уруксат берген жана кандай экологиялык талаптарга туура келет? Тиешелүү министрликтерге тапшырма берип, бизге кат жүзүндө жооп берип койсоңуздар”, – деди ал.
Депутат бул маселе боюнча текшерүү иштерин жүргүзүү керектигин кошумчалады.
