Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркында 100 түп кайың көчөтү отургузулду
10 апрель

Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркында 100 түп кайың көчөтү отургузулду

Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркында 100 түп кайың көчөтү отургузулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Иш-чарага борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев Бишкек шаардык согуш ардагерлери, Куралдуу күчтөр, укук коргоо органдары жана эмгек ардагерлери кеңеши менен бирге катышты.

Көчөт отургузуу учурунда мэр алардын жакшы өсүп кетүү көрсөткүчтөрүн белгиледи. 2025-жылы көчөттөрдүн 86 пайызы жакшы тамыр алып кеткен. Көчөттөрдүн 14 пайызы куурап калган.

Ал ошондой эле көчөттөрдүн түрлөрү боюнча маалымат берип, шаардык питомникте учурда 93 000ге жакын көчөт бар экенин белгиледи.

Жазгы жумуштар башталгандан бери борбор калаада 9000ден ашык дарак отургузулду. Шаардын ар кайсы райондорунда жашылдандыруу иштери уланууда.

Бишкек мэриясы 2026-жылы 20 000ден ашык дарак отургузууну пландаштырууда.