Ош шаарындагы А.Навои паркына эки миңге жакын көчөт отургузулууда
11 февраль

Ош шаарындагы А.Навои паркына эки миңге жакын көчөт отургузулууда

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин катышуусунда 11-февралда А.Навои паркында эки миңге жакын көчөт отургузулду.

Мэриядан кабарлашкандай, анын ичинде ясень, кара жыгач, катальпа жана жашыл жалбырактуу клен дарактары бар.

Бул иштер паркты жашылдандыруу жана шаар тургундары үчүн таза, кооз эс алуу аймагын түзүү максатында жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин шаар башчысынын тапшырмасы менен аталган парктагы бир катар соода-сатык күркөлөрү жана эскилиги жеткен имараттар алынып салынып, шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында тазаланган.