Төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште башталган «Таза шаар» сынагынын жеңүүчүлөрүн куттуктады
Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин арасында өткөрүлгөн «Таза шаар» аттуу сынагынын жеңүүчүлөрүнүн сыйлоо аземине катышты.
Белгилей кетсек, сынактын жыйынтыгында 8 тоннадан ашык пластик чогулткан №117 мектеп биринчи орунду алып, ага «Кыргызстан Кызыл Жарым Ай» коому тарабынан футбол аянтчасын куруу үчүн сертификат тапшырылды. Ал эми 7 тонна 700 килограмм пластик чогулткан №68 мектепке Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев воркаут аянтчасын курууга сертификат тапшырды. Ошондой эле №49 мектепке Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан эки теннис столу берилди.
Муну менен катар Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин, Төраганын орун басары Болот Ибрагимовдун, Жогорку Кеңештин депутаттары Токтобүбү Ашымбаеванын, Улан Сариевдин, Эльвира Сурабалдиеванын, Умбеталы Кыдыралиевдин жана Жумабек Салымбековдун демөөрчүлүк колдоосу менен дагы 6 мектепке кызыктыруучу сыйлык катары бирден теннис столдору тапшырылды. Марлен Маматалиев сынакка катышкан бардык 125 мектепке спорттук инвентарлар берилерин кошумчалады.
Иш-чарада сынактын ийгиликтүү жыйынтыкталышы менен куттуктаган Төрага:
«Аталган сынакка Жогорку Кеңеште старт берилип, 2026-жылдын 1-мартынан 1-майына чейин жигердүү жүргүзүлдү. Ага окуучулар активдүү катышып жатканын баарыбыз көрүп турдук. Бүгүнкү иш-чара жөн гана сынактын жыйынтыгын чыгаруу эмес. Бул – жаш муундардын мекенчилдигин, жарандык жоопкерчилигин жана айлана-чөйрөгө болгон аяр мамилесин даңазалаган маанилүү иш-чара», – деген Марлен Маматалиев бардык окуучуларга, алардын ата-энелерине, мугалимдерине жана мектеп жамааттарына ыраазычылык билдирди.
Ошону менен бирге Төрага сынактын жүрүшүндө окуучулар тазалоо жана көрктөндүрүү иштерине гана катышпастан, экологиялык акцияларды уюштуруп, жашылдандыруу демилгелерин көтөрүп, лидерлик сапаттарын да көрсөтө алышканын белгилеп:
«Айрым мектептер айлана-чөйрөнү коргоого арналган долбоорлорду иштеп чыгып, башкаларга үлгү боло турган иштерди аткарышты. Мунун баары жаштарыбыздын өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабаганын дагы бир жолу далилдеди», – деп кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, аталган сынак Жогорку Кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жана «Кыргызстан Кызыл Жарым Ай» коомунун демилгеси жана Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин катышуусу менен ишке ашырылды.
