Кыргызгидромет жана Дүйнөлүк банк КРдагы абанын сапатын жакшыртуу маселесин талкуулады
13 июнь

Кыргызгидромет жана Дүйнөлүк банк КРдагы абанын сапатын жакшыртуу маселесин талкуулады

Кыргызгидрометте 12-июнда Кыргыз Республикасындагы атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоордун учурдагы абалын, негизги жетишкендиктерин, ошондой эле алдыдагы иштердин этаптарын талкуулашты. Мониторинг системасын туруктуу өнүктүрүү жана институттук потенциалды жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен улуттук мониторинг системасын чыңдоо жана Кыргызстандын калкынын ден соолугун жана жашоо сапатын жакшыртууга түздөн-түз байланыштуу болгон атмосфералык абаны коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүү максатында ишке ашырылууда.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү, тараптар мындан аркы кызматташууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.