Суу таңкыстыгы: адис эмнеге Киров суу сактагычында суу толбой жатканынын себебин түшүндүрдү
Кыргызстанда суу тартышы эмнеден улам жаралууда жана быйылкы жай мезгилинде суу канчалык жетиштүү болот? Бул суроого Борбордук Азиядагы жерди прикладдык изилдөө институтунун директору, геология-минералогия илимдеринин кандидаты Болот Молдобеков жооп берип жатып, суу тартыштыгын жаратуучу 3 негизги себепти белгиледи.
Айтымында, Орто Азиядагы тоолорго, ошол эле Тянь-Шань, Памир тоолоруна көптөн бери изилдөөлөр жүргүзүлүп келген жана анын жыйынтыгында 2070-жылга чейин температуранын жогорулашы 2 – 2,5 градуска жетет деген прогноз бекитилген. Бирок адис белгилегендей, акыркы 3 жылда көрсөткүч трендден ашып, 1,5 градуска жетип калды.
“Температуранын өзгөрүшүнөн сырткары жаан-чачындын күтүлүшү боюнча да прогноз бар болчу. Анда Орто Азия чөлкөмүндө жаан-чачындын жыйынтыгы бир аз өйдө көрсөтүлгөн. Акыркы жылдары кышында да кар аз, жамгыр көп жаап калды. Ошонун баары суунун топтолушуна таасир этет. Негизи суу 3 нерседен чогулат:
- Жаздан күзгө чейин чогулган кардан, анын бийиктигинен, калыңдыгынан жана ээришинен.
- Жер алдынан чыккан суу, мисалы булактардан.
- Мөңгүлөрдүн суусу.
Мурда мөңгүлөр июндун орто ченинен баштап ээрисе, азыр майдын ортосунан баштап ээрип, тренд астыга жылды. Илим изилдөөчүлөр мөңгүнү аккумулятор деп аташат, анткени кар чогулбай, суу жетпей калганда, негизги күч мөңгүгө түшөт”, – деди ал.
Болот Молдобеков белгилегендей, быйылкы кышта кардын аз жаашы суу таңкыстыгын жаратышы мүмкүн. Ал кургакчылык айрыкча Талас өрөөнүндө байкалаарын билдирди.
“Башка жерлерде мөңгүлөр акыркы жылдары 16-17 пайызга кыскарса, Таласта 20-22 пайызга жетип калды. Анткени, мурдагы чоң мөңгүлөр ээрип, майда болуп калды, а майданын калыңдыгы да, узундугу да аз. Мындан улам Талас дарыясында суу азайып, Киров суу сактагычында суу толбой жатат”, – деди ал.
