Департаментке балыктардын массалык өлүмү боюнча маалымат түшкөн эмес
20 май

Департаментке балыктардын массалык өлүмү боюнча маалымат түшкөн эмес

«Кыргызстандагы балыктардын массалык түрдө өлүшү», – деп коштолгон видеонун социалдык тармактарда тарап кеткени тууралуу төмөнкүнү билдиребиз: 

Азыркы учурда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаментинин дарегине жарандардан, дыйкандардан, балык өстүрүүчүлөрдөн же жергиликтүү администрациялардан Чүй облусундагы көлмөлөрдө балыктардын массалык өлүп жаткандыгы тууралуу расмий билдирүүлөр келип түшкөн эмес. 

Мындай такталбаган маалыматтар ата мекендик балык өстүрүүчүлөрдүн, ихтиологдордун ишкердик беделине доо кетирип, зыян алып келиши мүмкүн жана калк арасында керексиз тынчсызданууну жаратат.

Балык өнөр жай комплекси департаменти социалдык тармактардын колдонуучуларын тастыкталган гана маалыматты таркатууга чакырат.

Балыктардын өлүмүнүн фактылары болгон учурда Департамент ветеринардык жана тиешелүү кызматтары менен кызматташтыкта дароо жеринде текшерүү жүргүзүп, расмий маалыматты чыгарат.

Чүй облусунун (Камышановка а.) ветеринарлары Сокулук районунун экологдору менен биргеликте суунун үлгүсүн алышып, изилдөө иштерин жүргүзүүгө лабораторияга жөнөтүштү.  Анализдердин натыйжалары тууралуу Департамент кийинчерээк маалымат берет.