Ысык-Көлдүн түбүнөн 2100 метр синтетикалык тор чыгарылды
14 май

Ысык-Көлдүн түбүнөн 2100 метр синтетикалык тор чыгарылды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы көлдөгү торлорду чыгаруу иштерин улантууда.

Күн мурун, 13-майда көлдүн түбүнөн 2100 метр эски кытайлык синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды.

Ал эми 2026-жылдын башынан бери Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан көлдүн түбүнөн жалпысынан 23 100 метр синтетикалык тор жана 760 килограмм таштанды чыгарылды.