Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд: 400 метр мыйзамсыз тор алынды
КР Жаратылыш министрлиги
5 март

Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейд: 400 метр мыйзамсыз тор алынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Ысык-Көл көлүнүн акваториясында рейд жүргүзүлдү.

Ведомстводон кабарлашкандай, рейддин жыйынтыгында суудан 400 метр эски кытайлык синтетикалык тор чыгарылып алынды.

Браконьерликке каршы рейд иш-чаралары уланууда.