Ысык-Көл, Чүй жана Ош облусундагы дааратканаларды оңдоого 29 миллион доллар бөлүндү
23 июнь

Ысык-Көл, Чүй жана Ош облусундагы дааратканаларды оңдоого 29 миллион доллар бөлүндү

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында өлкөнүн үч – Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы айрым айылдарды таза суу менен камсыз кылууга жана санитарияны өнүктүрүүгө багытталган долбоор каралууда.

Депутат Эрнис Айдаралиев суу ресурстары министринин орун басары Жаныбек Керималиевге кайрылып, аткаминерлердин «унутчаактык» адаты бардыгын эске салды.

«Сиздер макул деп коюп эле көп нерсени «унутуп» каласыздар, түшүнөбүз жумушуңуздар көп. Бирок көп сунуштарды айттым эле, анын баары унутулуп, отчетто такыр башканы айттыңыздар. Ага да макул дедик. Эми бул долбоордо санитария жаатын өнүктүрүү үчүн аз камсыз үй-бүлөлөрдүн дааратканаларын жаңыртууга 29 миллион АКШ доллары жумшалат деп турат, бул кандай ишке ашат?» – деди депутат.

Долбоорду түзүүчүлөрүнүн бири Арстанбек Муктаров белгилегендей, аталган каражат бир гана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн дааратканасын жаңыртууга эмес, ошондой эле социалдык мекемелердин дааратканаларын оңдоого коротулат.

«Долбоорго киргизилген айыл жергесиндеги мектеп, бала бакча, оорукана ж.б. дааратканасы заманбап үлгүдөгү кол жуучу жайлары менен болот. Канализация септик негизде болот, толгондон кийин машина келип сордуруп кетет, бир септикке бардык мекемелер туташтырылат», – деди ал.

Депутат долбоорго коомдук дааратканаларды да кошууну сунуштады.

«Бишкек-Ош, Ош-Эркештам, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ысык-Көл, Бишкек-Талас багытындагы эл аралык жана ички каттамдар өтө турган жолдордо бир дагы шарты менен даараткана жок. Биз Кыргызстанды туризмдин өлкөсү деп жатабыз, бирок туристтерге шарт түзүүнү биринчи баскычы санитардык нормага толук жооп берген даараткана куруу экенин эстебей жатабыз», – деди Айдаралиев.