Кыргызстанда соңку 70 жылда мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарган
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандын аймагында соңку 70 жылда мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Элдик курултайда билдирди.
Анын айтымында, биз көп учурда капарга албаганыбыз менен азыр экологиядагы көйгөйлөр дагы көңүл чордонундагы маселе.
"Айрыкча биз өлкөбүздөгү токой аянттарын сактап, аларды кеңейтүүгө басым жасашыбыз кажет. Анткени, жерибиздин 6%ын гана токойлор ээлейт. Бул көрсөткүч өтө аз. Биз жыл сайын миңдеген көчөттөрдү олтургузганыбыз менен алар каралбай, натыйжасыз болууда. Андыктан, көчөттөрдү тигип эле тим болбой, алардын келечекте өнүп-өсүп кетүүсүнө да кам көрүүбүз зарыл”, – деди ал.
Ошондой эле Шакиев таза суунун булагы саналган мөңгүлөрдү да сактоо маселесин көтөрдү.
"Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстандын аймагында соңку 70 жылда мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарган. Мындай жагдайга тез арада чара көрбөсөк, табигый каатчылыкка кептелишибиз мүмкүн. Ага ылайык, алдын-алуу иштеринин бири катары жогоруда белгилеген токойлорду көбөйтүү маселесине өзгөчө көңүл буруубуз керек. Айрыкча аталган тармакты тейлеген мекеменин макамы менен катар жоопкерчилигин да күчөтүп, өзүнчө мекеме түзүү мүмкүнчүлүгүн да карашыбыз кажет”, – деди Шакиев.
