Экологиялык көзөмөл күчөтүлүүдө: Ысык-Көлдө мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартылды
Кыргыз Республикасынын Президентинин №131, №172 жана №330 Жарлыктарын ишке ашыруунун алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жаратылышты коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталышын камсыздоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Рейддин жүрүшүндө экологиялык мыйзамдардын талаптарын бузган бир катар фактылар аныкталып, алардын негизинде 8 административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү.
Жалпысынан 111 500 (жүз он бир миң беш жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы экологиялык мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыздоо багытындагы иштерди ырааттуу улантат. Курчап турган чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана экологиялык укук бузуулардын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун аймагында рейддик иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлө берет.
