Балык уулоого тыюу салынган торчолорду сатууга каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
Бишкек шаарынын Октябрь районунда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан балык уулоого тыюу салынган торчолорду жана башка мыйзамсыз жабдыктарды сатууга каршы түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында соода түйүндөрү текшерилип, дүкөн ээлерине мыйзам тарабынан тыюу салынган жабдууларды сатууга жол берилбестиги эскертилди. Ошону менен катар жарандарга жаратылыш ресурстарын коргоонун маанилүүлүгү тууралуу маалымат берилди.
Бул иш-чаралар мыйзам бузуулардын алдын алуу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында уюштурулду.
