Ош облусунда мыйзамсыз балык уулоого жана мыйзамсыз дарак кыйууга каршы рейд өткөрүлдү
12 сентябрь

Ош облусунда мыйзамсыз балык уулоого жана мыйзамсыз дарак кыйууга каршы рейд өткөрүлдү

2025-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана министрликтин Ош регионалдык башкармалыгынын биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Суу жана Араван райондорунун аймагында кезектеги рейд өткөрүштү.

Рейд Папан суу сактагычында, Чаар-Айгыр көлүндө жана Ак-Буура дарыясында балык корлорун сактоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу максатында уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө тиешелүү уруксат кагаздары жок, ышкыбоздук балык уулоо эрежелерин бузган 9 жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 266-беренесинин 1-пунктуна ылайык ар бирине 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, жалпы суммасы 9000 сом түздү. Балыкчыларга мыйзам талаптарын түшүндүрүү жана алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери да жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагына караштуу Чөгөм айылынын Чаар участкасында белгисиз жарандар тарабынан 15 даана арча дарагы кыйылганы аныкталды. Окуя болгон жерде тиешелүү акт түзүлүп, дарактардын өлчөмдөрү алынган соң, өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыянды баалоо жана укуктук баа берүү үчүн материалдар Араван райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жаратылыш ресурстарын мыйзам чегинде пайдаланууга, айлана-чөйрөнү коргоого жана жаратылыш байлыктарын сактоого чакырат.