Жумгал районунда мыйзамсыз эндик чөбүн казган жаран кармалды
16 июль

Жумгал районунда мыйзамсыз эндик чөбүн казган жаран кармалды

2025-жылдын 13-июль күнү Жумгал районунун Түгөл-Сай айыл аймагында мыйзамсыз эндик чөбүн казып жүргөн жаран жергиликтүү Баш-Кууганды айылынын тургундары тарабынан аныкталып, тиешелүү тартип коргоо органдарына кабар берилген.

Маалымат түшкөндөн кийин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын жана Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге чыгып, мыйзамсыз аракетти тастыкташты. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Укук бузуу жөнүндө кодексинин 264-беренесинин талаптарын бузган жаран кармалып, ага 10 000 (он миң) сом айып пул салынды.

Мындан сырткары, мыйзам бузууга байланыштуу расмий укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, жарандан түшүнүк кат алынды жана РИИБ кызматкерлери менен биргеликте акт түзүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга каршы күрөштү улантып, жарандарды экологиялык мыйзамдарды сактоого чакырат.