Ысык-Көлдүн түбүнөн 15 800 метр балык уулоочу тор чыгарылды
20 апрель

Ысык-Көлдүн түбүнөн 15 800 метр балык уулоочу тор чыгарылды

Ысык-Көлдүн түбүнөн 15 800 метр балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматта айтылгандай, тазалоо иштеринин жүрүшүндө 40 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары чогултулуп, чыгарылды.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар арасында экологиялык аң-сезимди жогорулатууга багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.