Ошто абанын булганышын алдын алуу боюнча жыйын өттү
Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев атмосфералык абаны коргоо боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топ менен жыйын өткөрдү.
Жыйынга Ош шаарынын мэриясына караштуу мекеме-ишканалардын, жогорку окуу жайлардын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилери катышышты.
Жыйындын катышуучулары Ош шаарындагы абанын булгануусун азайтуу боюнча иш-чаралардын планы менен таанышып, сунуш-пикирлерин айтышты.
Талкуу учурунда төмөнкү чаралар сунушталды:
• Коомдук транспортту электр автобустарына өткөрүү;
• Унаалардан чыккан түтүн деңгээлин көзөмөлдөөнү күчөтүү;
• Велосипед тебүү жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз шарт түзүү;
• Мыйзамсыз таштанды төгүүгө каршы күрөшүү жана таштандыны ылгоо тутумун өнүктүрүү;
• Экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча маалымат өнөктүктөрдү өткөрүү;
• Окуу жайларда экология сабактарын киргизүү;
• “Таза шаар”, “Жашыл күн” сыяктуу коомдук экологиялык акцияларды уюштуруу;
• Экологиялык кооптуу объектилерге мониторинг жүргүзүү;
• Жаңы курулуштарда жашыл аймактарды эске алуу;
• Бюджеттик жана эл аралык каржылоону тартуу менен экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу.
Мэрдин орун басары жогоруда айтылган чаралардын аткарылышын камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Бул иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-мартындагы №221-т тескемесине ылайык жүргүзүлүп, Ош шаарында абанын булганышын азайтууга багытталган.
