Ленин айылындагы Аламүдүн суусу таштандылардан жана желим бөтөлкөлөрдөн тазаланды
Жаратылыш ресурстары министрлиги
9 июль

Ленин айылындагы Аламүдүн суусу таштандылардан жана желим бөтөлкөлөрдөн тазаланды

Социалдык тармактарда Аламүдүн районунун Ленин айылындагы Аламүдүн суусунун тиричилик таштандыларына жана желим бөтөлкөлөргө толуп калганы тууралуу видео жарыяланган. 

Мындан улам атайын текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында Достук айыл өкмөтүнө караштуу «Ынтымак-Достук» муниципалдык ишканасына Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ага Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы, Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жана Достук айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкананын өкүлдөрү биргеликте тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.

Аны менен бирге министрликтин кызматкерлери жергиликтүү тургундарга айлана-чөйрөнү таза сактоо, тиричилик таштандыларын белгиленген жайларга чыгаруу жана экологиялык талаптарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тиешелүү эскертүүлөрдү беришкен.