Ысык-Көл акваториясында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддер улантылууда
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чаралар тынымсыз улантылууда. Бул иштер жаратылышты коргоо жана экологиялык мыйзамдардын талаптарын аткаруу максатында жүргүзүлүүдө.
2025-жылдын 6-май күнү өткөрүлгөн кезектеги рейд Жети-Өгүз жана Пристань айыл аймактарынын көл жээгинде өткөрүлүп, анын жүрүшүндө көлдүн үстүнөн мыйзамсыз коюлган жалпы 250 чарчы метр эски тор жыйналып алынды.
Туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жаратылыш ресурстарын коргоо багытындагы иш-чараларын мындан ары да улантышат. Ысык-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн жана экологиялык тең салмактуулугун сактоо – бул ар бир жарандын милдети экендигин эскертебиз.
