Быйыл Нарын облусунун аймагына 312 миң көчөт отургузулат
2 апрель

Быйыл Нарын облусунун аймагына 312 миң көчөт отургузулат

2025-жылы "Жашыл мурас" акциясынын алкагында Нарын облусунун аймагына 312 миң көчөт отургузуу пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-апрелде облуста "Жашыл мурас" акциясы боюнча кеңейтилген жыйын өттү.

Ага жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары М. Аманкулов, президенттин Нарын облусундагы Өкүлүнүн биринчи орун басары С. Сапаров, облустук мекемелердин жетекчилери, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, Нарын шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, райондук токой чарба бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышышты.

Жыйында райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары 2024-жылы акциянын алкагында отургузулган көчөттөр боюнча маалымат жана 2025-жылга коюлган пландар тууралуу айтып беришти.