Көпчүлүк аймакта жаан, кар жаайт. 4-мартка карата аба ырайы
Бүгүн, 4-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жаан, кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан кабарлашты.
Синоптиктердин маалыматына таянсак, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, кээ бир аймакта 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы
- Чүй облусунда +5... +10,
- Суусамыр өрөөнүндө 0… -5,
- Талас облусунда +7… +12,
- Баткен, Ош жанан Жалал-Абад облустарында +11... +16,
- Ысык-Көлдө +3... +8,
- Нарында 1... +6 градус болот.
Ал эми борбор калаабыз Бишкекте абанын табы +8... +10 градусту түзүп, жаан жаайт.
