Ош облусунда “Араван–Ак-Буура” каналы жаңыланууда
Бүгүнкү күндө Араван–Ак-Буура ирригациялык системасынын суу жеткирүү инфраструктурасы жаңыланып, анын ичинде суу алуучу курулмалар, магистралдык каналдар жана бөлүштүрүүчү тармактар реконструкцияланууда.
Араван–Ак-Буура каналынын жалпы узундугу – 31,3 км, ал 21 918 гектар сугат аянтты камсыздайт. Анын ичинен 6 220 гектар – жаңы өздөштүрүлүп жаткан сугат жерлер.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын жетекчилиги Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван–Ак-Буура каналын реконструкциялоо иштери менен таанышты.
Реконструкциялоонун жүрүшүн жогору бааланып, төмөнкүдөй маанилүү басым жасалды:
«Араван–Ак-Буура каналын реконструкциялоо боюнча иштер активдүү жүрүп жатат. Сугат инфраструктурасынын жакшыртылышы региондун суу менен камсыз болушун бир топ жогорулатат жана айыл чарбасынын өнүгүшүнө кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. Биздин максат – ар бир аймакка туруктуу суу жеткире турган заманбап система түзүү».
Андан соң Папан суу сактагычына барып, анын иши менен жеринде таанышышты. Суу сактагычтагы учурдагы абал, коопсуздук чаралары жана пландаштырылган иштер боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
