Баткен облусунда Шахимардан сугат системасын модернизациялоонун башталышына арналган “мезгил кутучасын” салынды
Бүгүн, 12-декабрда, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Мухтар Нургазиев атындагы магистралдык каналынын башкы суу алуу курулмасында “мезгил кутучасын” салуу аземи болуп өттү. Бул иш-чара Шахимардан ирригациялык системасын жаңылоо иштеринин башталышын белгилейт. Аталган долбоор аймактын айыл чарбасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт.
Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Жээналиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Айбек Шаменов; Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы ѳкүлү Хью Ридделл мырза, долбоордун жетекчиси Уланбек Торогельдиев, ошондой эле облустук жана райондук суу чарба башкармалыктарынын жетекчилери, подряддык жана консультациялык уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын, коомчулуктун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышышты.
Курулуш иштери Кадамжай районунун 2 айыл аймагын жана 1 шаардын аймагын камтыйт. Жалпы узундугу 35,2 чакырымды түзгөн каналдардын ичинен 25,67 чакырымы толугу менен модернизацияланат.
“Долбоор аяктагандан кийин 4435 гектардан ашуун айдоо аянттарынын сугат суу менен камсыздалышы жакшырмакчы. Бул айыл чарбасынын түшүмдүүлүгүнө жана туруктуулугуна түздөн-түз таасир этет. Шахимардан ирригациялык системасын жаңылоо миңдеген дыйкандарды туруктуу суу менен камсыз кылууга, сугат суунун пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатууга жана айыл чарбасын климаттын өзгөрүүсүнѳ туруктуу болууга жардам берет,” – деп белгиледи Алмаз Жээналиев.
Аталган жумуштар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашууда.
