Энергетика министри Кемин районундагы кубаттуулугу 100 МВт күн электр станциясын куруу иштери менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй облусуна иш сапары менен барып, Кемин районунда кубаттуулугу 100 МВт күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.
"Этернал Энергия" ЖЧКсынын директору Ма Вэньцзюн долбоордун учурдагы абалы жөнүндө кеңири маалымат берип, курулуш бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жаткандыгын жана объект ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилээрин белгиледи.
Анын айтымында, учурда негизги жабдууларды алып келүү иштери аяктап, көмөкчордондун курулушу уланып, 220 кВ электр чубалгыларынын пайдубалын куюп, күн батареяларын орнотуу иштери жүрүп жатат.
Энергетика министри курулушту өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, иштин сапатына жана жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.
