Жети-Өгүз суусунун жээгине 3,2 миң көчөт отургузулду
12 апрель

Жети-Өгүз суусунун жээгине 3,2 миң көчөт отургузулду

«Жашыл мурас» программасынын алкагында бүгүн, 12-апрелде Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн жана Чырак айылдарынын ортосунан өтүүчү Жети-Өгүз суусунун жээктерин эрозиядан сактоо максатында көк теректин көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 3 миң 200 даана көк теректин көчөттөрү ӨКМ тарабынан алынып, 3,2 га аянтка Аң-Өстөн айылынын тургундары тарабынан отургузулду.

«Жалпысынан бул ишембиликке 500 адам катышып, келечекте чарба аянттары жана жайыт жерлери корголоруна ишеним айтышты», – деп айтылат маалыматта.