Ысык-Көл облусунда таштанды өрттөөчү заводдор курулат
Балыкчы жана Ак-Сууда таштанды өрттөөчү заводдор курулат, деп кабарлайт президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, бүгү, 5-майда Ысык-Көл облусунун башчысы Бакытбек Жетигенов Кытайдан келген «Хунань Цзюньсинь Хуаньбао» компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту.
«Инвесторлор учурда Бишкекте да ушундай завод куруп жатышат. Эми бул технологиялар Ысык-Көлгө да келмекчи», - деп айтылат маалыматта.
Заводдор үчүн Балыкчы менен Ак-Суудан 20 гектардан жер бөлүнөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында алкактык макулдашууга кол коюлду.
