Аламүдүн дарыясынын жээги тазаланууда
13 февраль

Аламүдүн дарыясынын жээги тазаланууда

Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын регионалдык башкармалыгы тарабынан интернетке чыккан маалыматка ылайык жүргүзүлгөн текшерүүнүн негизинде, Аламүдүн дарыясынын жээгине ташталган калдыктарды тазалоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү.

МТУ жана Муниципалдык ишкана «Тазалыкка» дарыянын жээгин ыкчам тазалоо тапшырмасы берилди. Учурда «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери тарабынан тазалоо иштери активдүү жүргүзүлүп жатат.

Бул иш-чаранын максаты – аймактын экологиялык абалын жакшыртуу жана айлана-чөйрөнү таза сактоо.

Ошондой эле, жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, дарыя жээгине таштандыларды төгүүгө жол бербөө боюнча эскертүүлөр берилди. Мыйзам бузгандарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт.

Жаратылыш министрлиги жаратылышты таза сактоо үчүн бардык тургундарды айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат.