Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз кен казууга каршы рейддер жүргүзүлдү
25 июль

Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз кен казууга каршы рейддер жүргүзүлдү

2025-жылдын июль айында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы бөлүмү менен биргеликте рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө Сузак районунда жайгашкан “СК Бай Мир” ЖЧК ишканасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 243-беренесинин 2-пункту – Пайдалуу кен чыккан жерлерди сарамжалдуу пайдалануу талаптарын бузуу фактысы аныкталып, аталган ишканага 35 000 (отуз беш миң) сом өлчөмүндө айып салынды.

Ошондой эле, аталган рейддик иш-чаранын алкагында “Ак-Нур” ЖЧК ишканасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 243-беренесинин 4-пункту – Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү эрежелерин бузуу беренеси боюнча мыйзам бузуу аныкталып, бул ишканага да 35 000 (отуз беш миң) сом айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мыйзам бузууларды алдын алуу жана жаратылыш ресурстарын мыйзам чегинде пайдалануу максатында мындай рейддерди мындан ары да үзгүлтүксүз улантат.