Атмосфералык абаны коргоо чаралары боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү
6 ноябрь

Атмосфералык абаны коргоо чаралары боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан №639 «Атмосфералык абаны коргоо боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомунун негизинде профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.

Аталган иш-чара Муpманская көчөсү 126 дарегинде топтолгон комиссиянын катышуусунда жүргүзүлүп, жарандарга жана көмүр сатуу менен алектенген субъекттерге абанын сапатын жакшыртуу жана эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатын камтыды.

Рейд учурунда көмүрдүн радиациялык коопсуздугун аныктоо үчүн дозиметрдик текшерүү жүргүзүлүп, ошондой эле көмүрдүн фракциялык курамы каралды. Натыйжада сатылып жаткан көмүрдүн бөлүкчөлөрүнүн өлчөмү 0–13 ммден жогору экени аныкталды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы абанын сапатын коргоо жана калктын экологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча рейддер мындан ары да улантыларын маалымдайт.