www
13 март
Ош шаарында 14-мартта жалпы ишембилик өтөт
Эртең, 14-март Ош шаарында жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында шаар аймагында жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Белгилей кетсек, жазгы үч айлык өнөктүгү 2026-жылдын 1-мартынан 31-майына чейин жарыяланып, анын алкагында шаардын калктуу конуштарынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, аймактарын көрктөндүрүү, экологиялык жана санитардык абалын талаптагыдай деңгээлде кармоо, жашыл бак-дарактардын аянтын кеңейтүү, калкты жана аймактарды жаратылыш кырсыктарынан коргоо талаптары коюлган.
Мэрия шаар тургундарын ишембиликке активдүү катышууга чакырат.
