Оштогу Курманжан датка көчөсүнө 300 даана акация көчөтү отургузулду
Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүнө күн мурун, 13-мартта 300 даана акация (робиния) дарагы отургузулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында жүргүзүлүп жаткан көчөт тигүү иш-чарасына мэрдин орун басары Эрнис Толтоев катышты.
Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан быйылкы жылга карата шаар аймагына 1340 даана акация көчөтүн отургузуу пландаштырылуда.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тапшырмасына ылайык Курманжан датка көчөсүндөгү буга чейин жашыл аймак жок болгон жолдун эки тарабына жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарлар менен кошо жашылдандыруу иштерин жүргүзүү каралган
