Кыргыз Республикасында жайыттарды башкаруу концепциясын пилоттук форматта ишке ашыруу пландалууда
23 декабрь

Кыргыз Республикасында жайыттарды башкаруу концепциясын пилоттук форматта ишке ашыруу пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы Нарын облусунун мисалында “Кыргыз Республикасында жайыттарды башкаруу концепциясын” пилоттук форматта ишке ашырууну пландап жатат.

Бул тууралуу “Жайыттардын абалын жакшыртуу жана аларды рационалдуу пайдалануу” деген темада өткөн семинарда кызматтын директорунун орун басары Ишенбек Алмамбетовдун жасаган баяндамасында айтылды. Кыргыз Республикасында жайыт жерлери айыл чарбасынын, өзгөчө мал чарбасынын негизги ресурсу болуп саналат. Өлкөдөгү эң ири жайыт аймактарына ээ болгон Нарын облусунда акыркы жылдары климаттык шарттардын катаалдыгы, бийик тоолуу рельеф жана жайытка болгон басымдын өсүшү деградация коркунучун күчөтүүдө. Ушуга байланыштуу жаңы концепция жайыттарды туруктуу жана натыйжалуу пайдаланууга багытталган.

Концепциянын максаты – Нарын облусунда жайыттарды туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу, деградация процесстерин азайтуу, жайыт ресурстарын калыбына келтирүү жана мал чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу айыл калкынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу. Концепция туруктуулук, коомчулукка негизделген башкаруу, айкындуулук, илимий негиздүүлүк жана санариптештирүү принциптерине таянат.

Ушуга байланыштуу жайыттан түшкөн каражаттардын 100 пайызын толугу менен жайыт тармагына багыттоо жана аларды башкаруу үчүн өз алдынча адистешкен юридикалык субъект – Мамлекеттик жайыт ишканасын (же атайын жайыт фондун) түзүү сунушталууда. Бул түзүм каржылык көз карандысыздыкты, максаттуу пайдаланууну, айкындуулукту жана туруктуулукту камсыз кылат. Белгилей кетсек, семинарга өлкөнүн жети облусунан жайыт маселесине кайдыгер карабаган адистер катышып, берилген сунуштардын негизинде пилоттук долбоор колдоого ээ болду.