Жогорку Кеңештин комитети суу объекттерин коргоону күчөтүүгө байланышкан мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды
Бүгүн, 19-октябрда, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын суу объекттерин коргоону күчөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап чыгып, биринчи окууда жактырды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Болот Ибрагимов, Табылды Муратбеков, Токтобүбү Ашымбаева, Адилет Белеков, Рахат Жунушбаева, Болот Сагынаев, Айбек Алтынбеков, Максат Алымбеков, Улан Сариев, Махабат Мавлянова, Салтанат Аманова жана Болотбек Борбиев.
Жыйында баяндама жасаган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Максат Алымбеков белгилегендей, документ Кыргыз Республикасынын суу объектилеринин экосистемаларын сактоо жана калыбына келтирүү, чарбалык жана башка ишмердиктин терс таасирин алдын алуу, ошондой эле жарандардын ыңгайлуу айлана-чөйрөгө болгон конституциялык укугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
«Сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын суу объекттерин, атап айтканда, республиканын аймагындагы бардык көлдөрдү, анын ичинде бийик тоолуу көлдөрдү, анын ичинен Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Сары-Челек, ошондой эле суу сактагычтарды (Токтогул, Орто-Токой, Киров, Папан, Кара-Буура, Ала-Арча, Базар-Коргон ж.б.), алардын суу коргоо зоналарын, жээк тилкелерин, ошондой эле аларга чектеш суу топтолуучу бассейндерди жана суулуу-саздак жерлерди коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салууга багытталган», – деп кошумчалады Максат Алымбеков.
Талкуу маалында депутат Махабат Мавлянова «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесине суу объектилеринин суу коргоо зоналарында жана жээк тилкелеринде калдыктардын бардык түрүн сактоого тыюу салуу боюнча сунушталып жаткан өзгөртүүгө көңүл буруп, ошондой эле жарандар мындай мыйзам бузуулар тууралуу кабарлай алышы үчүн өзүнчө тиркеме иштеп чыгууну сунуштады. Муну менен катар суу объектилеринде электр кыймылдаткычы менен гана жабдылган гидроциклдерди пайдалануу талабын мыйзам долбоорунда камтып кетүүнү сунуштады.
Ал эми эл өкүлү Нилуфар Алимжанова мыйзам долбоорун колдоп, Министрлер Кабинетинин жана Башкы прокуратуранын корутундуларына токтолуп, мыйзам долбоору боюнча бир катар суроолорду узатты.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Токтобүбү Ашымбаева бул багытта тиешелүү мамлекеттик органдар суу объектилеринин жээктериндеги аймактарда жана суу коргоо тилкелеринде чычырканактын, тал-теректердин жана башка өсүмдүктөрдүн табигый өскөн жерлерин сактоо боюнча жетиштүү чараларды көрбөй жатышат деген жүйө келтирип, документ суу объектилеринин экосистемаларын коргоону күчөтүүгө, экологиялык коопсуздукту жана аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталганын кошумчалады.
Депутат Азамат Исраилов Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө токтолуп, айып пулдардын өлчөмдөрүн тактаса, эл өкүлү Алишер Козуев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш тартиби тууралуу сөз кылып, жарандар тарабынан жасалган мыйзам бузуулар өз убагында аныкталбаган учурда тиешелүү мамлекеттик органдар жергиликтүү бийлик органдарына айып пул салып жатканын айтты.
Муну менен катар депутат Умбеталы Кыдыралиев мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулардын оордугуна жараша айып пул салуу жана эркиндигинен ажыратуу жазалары каралганын маалымдап, экинчи окуунун алкагында өз сунуштарын киргизерин билдирди.
Комитет төрагасы Кубанычбек Самаков колдонуудагы мыйзамдардын алкагында Ысык-Көлдө гидроциклдерди жана скутерлерди пайдаланууну жөнгө салуу боюнча тиешелүү министрлик тарабынан системалуу иштер жүргүзүлбөй жатканын белгиледи. Анын айтымында, колдонуудагы мыйзамдардын талаптарынын так сакталышын камсыз кылуу, суу транспортун пайдаланууга көзөмөлдү күчөтүү жана бул багытта ыйгарым укуктуу органдардын натыйжалуу ишин жолго коюу зарыл.
Андан тышкары, жыйында «2026-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу» долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу», «2026-жылдын 29-майында Астана шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан агроөнөр жай комплексинин тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда колдоого ээ болду.
