Ошто кезектеги таштанды ылгоочу аянтчалар ишке кирди
"Ош-Тазалык" ишканасы тарабынан турмуш-тиричилик калдыктарын иргеп таштоочу кезектеги долбоору ишке ашырылып, Курманжан датка жана Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыктарында атайын пункттар ачылды.
Белгилей кетсек, буга чейин шаар аймагында көп кабаттуу үйлөрдүн жанында 7 таштанды ылгоочу аянтчалар курулуп, пайдаланууга берилген.
"Урматтуу Ош шаарынын тургундары, таштандыларды иргеп таштоо менен тазалык кызматкерлеринин таштандыны кайра иштеп чыгаруу жумушун жеңилдетесиздер. Мындан ары тамак-аш калдыгы ташталган урнага айнек, желим, кагаз жана башка акыр-чикир аралашып ташталбайт. Калдыктар өз-өзүнчө бөлүнүп, тиешелүү урналарга салынат", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.
