"Кочкор тазалык" ишканасына экологиялык талаптарды бузганы үчүн айып салынды
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 18-мартта "Кочкор тазалык" муниципалдык ишканасынын Орто Токой участокто кароо жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган участкада атмосферага булганыч заттардын көп өлчөмдө чыгышы аныкталды. Бул факт Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 230-беренесине ылайык 28 миң сом айып пул салынды.
Жыйынтыгында тийиштүү протоколдор түзүлүп, экологиялык нормаларды сактоо боюнча эскертүүлөр берилди. Мындан тышкары, аталган ишкана кызматкерлерине өнөр-жай жана техникалык коопсуздук талаптарын так сактап иштөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жаратылышты коргоо жана экологиялык нормалардын сакталышын камсыз кылуу үчүн мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп, мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүүнү улантууда.
