2025-жылдан тарта шаардын ирригациялык тармагы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын карамагында
1 июль

2025-жылдан тарта шаардын ирригациялык тармагы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын карамагында

2025-жылдын башынан  Бишкек шаарынын бардык ирригациялык тармагы  “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кароосуна өткөрүлгөн. Ушул учурдан баштап биз күн сайын шаардын арыктарына кам көрүп жатабыз.

Шаардагы ирригациялык тармактардын жалпы узундугу 397 670 км². Бул системалардын баары биздин көзөмөлүбүздө. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери күн сайын таштандыларды чыгарып, арыктарды шыпырып,  тазалыкты сактап келе жатышат.

Күн сайын “Тазалык” МИнин кызматкерлери:

  • шыпыруу,
  • тазалоо,
  • каналдардын санитардык абалын көзөмөлдөө - бул шаардын бардык аймактарында күн сайын жүргүзүлүп жаткан пландуу иш.

Күнүмдүк тазалоодон тышкары, 2025-жылдын жаз айларында шаар боюнча эки жолу масштабдуу жалпы тазалоо өткөрүлүп,  суу тармактарын  ылайдан,  таштандылардан жана чогулган кумдардан тазалоо уюштурулду.

Бишкектин райондору боюнча статистика:

  • Ленин району – 120 көчө, 138 567 км²
  • Октябрь району – 74 көчө, 108 079 км²
  • Биринчи май району – 97 көчө, 81 543 км²
  • Свердлов району – 80 көчө, 69 481 км².