Ош шаарында «Эко Азыктын» инфраструктуралык долбооруна Бүткүл дүйнөлүк банктын гранты бөлүндү
25 июнь

Ош шаарында «Эко Азыктын» инфраструктуралык долбооруна Бүткүл дүйнөлүк банктын гранты бөлүндү

Бүткүл дүйнөлүк банктын Ош облусунда жана Ош шаарында ишке ашырылып жаткан «Регионалдык экономикалык өнүктүрүү» долбоорунун алкагында коомдук инфраструктураны калыбына келтирүүгө, анын ичинде айыл чарба техникаларын жана жабдууларын сатып алууга, ошондой эле техникалык жардам көрсөтүүгө жана окутууга багытталган инвестициялык жардам гранттык негизде товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр түрүндө берилет.

Аталган тартипке ылайык, инвестициялык жардам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү жамааттарга, муниципалдык жана мамлекеттик мекемелерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагындагы башка ишканаларга жана мекемелерге көрсөтүлөт.

Ош шаары боюнча долбоорлорду тандоо боюнча туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 4-июнундагы №1 протоколунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун жана Ош шаардык мэриясынын ортосунда 2026-жылдын 24-июнунда түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун негизинде, Ош шаары, Х. Каримов көчөсү, 29-дарек боюнча жайгашкан «Эко Азык» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык соода-логистикалык кайра иштетүү борборунун саркынды суу түтүктөрүн коомдук инфраструктурага (шаардык саркынды суу тутумуна) туташтыруу долбоору колдоого алынды.

Долбоордун жалпы сметалык наркы 10 852 167 (он миллион сегиз жүз элүү эки миң бир жүз алтымыш жети) сомду түзөт. Анын ичинен 10 000 000 (он миллион) сом Бүткүл дүйнөлүк банктын гранттык каражаттарынын эсебинен, ал эми 852 167 (сегиз жүз элүү эки миң бир жүз алтымыш жети) сом демилгечинин өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланат.