Кыргызстанда жапайы туяктуу жаныбарлардын эл аралык мониторинги башталды
Кыргыз Республикасындагы тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча Беш Жылдык аракеттер жол картасын ишке ашыруунун алкагында жана Эл аралык тоолор күнүнүн алдында жапайы туяктуу жаныбарлардын – архар жана тоо текесинин популяцияларын көз карандысыз эл аралык мониторинг башталды.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргыз мамлекеттик мергенчилик чарбасы жана чет элдик адистер биргеликте Wild Sheep Foundation каржылык колдоосу менен жүргүзүшүүдө.
Мониторинг Иссык-Көл облусунун Барскоон айылынан башталып, үч негизги аймакты камтыйт: Узонгу-Кууш, Ак-Шыйрак жана Ыстык.
8-декабрда талаа иштеринин биринчи күнүндө эксперттик топтор эки аймакта «Сары-Чат Ээр-Таш» жаратылыш паркында болжол менен 450–500 архарды катташкан, анын ичинде Коенду аймагындагы 10 жана Ак-Таш аймагындагы 11 участоктор. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргыз мамлекеттик мергенчилик чарбасына тиешелүү аймакта адистер болжол менен 900 архарды катташкан.
Мониторингдин негизги максаты – архар жана чабар популяцияларынын абалы тууралуу маалыматтарды жаңылоо, алардын корголушун бекемдөө, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттери арасында мамлекеттер аралык кызматташууну өнүктүрүү жана илимий маалыматтарды алмашуу
Иш-чара Борбордук Азиядагы жапайы жаныбарларды эсепке алуу боюнча биргелешкен меморандумдун алкагында өткөрүлүп, ага Монголия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан окумуштуулар жана адистер кошулган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен мониторингге Биоресурстар башкармалыгынын башчысы К. Мамбеталиев, «Сары-Чат Ээр-Таш» жаратылыш парксынын директору Ч. Чукумбаев, ошондой эле маалымат кызматы жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасындагы аймак салыштырмалуу кичине болбосо да, өлкө дүйнөлүк флоранын 3% жана фаунанын 2% түзгөн биоартүрдүүлүктү камтыйт.
Азыркы эсеп толугу менен көз карандысыз болуп, 2025-жылдын 16-декабрына чейин уланат.
